"Азаттыктын" казак кызматына айыппул салынды Attribution+  — Казакстандын Алматы шаарынын адистештирилген административдик соту 20-ноябрдагы чечими менен "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун казак кызматын "жалган маалымат жайгаштырууга жана жайылтууга" айыптуу деп таап, 184 миң теңге (болжол менен 370 доллар) айыппул төлөөгө милдеттендирди.   Сотко Шымкент шаарынын тургуну, Алишер Турабаев аттуу жаран арызданган. Ал "Азаттыктын" казак кызматынын сайтына журналист Данияр Адилбековго каршы козголгон кылмыш иши боюнча соттук териштирүүнүн жүрүшү... ... Азаттык үналгысы 14 min
Мобилдик тиркеме аркылуу акча которууда комиссия алуу убактылуу токтотулат Attribution+  — Кыргызстанда 25-ноябрдан тарта мобилдик банкинг аркылуу акча которууда комиссия алуу токтотулат. Улуттук банктын маалыматына ылайык, комиссиядан бошотуу 25-ноябрдан 31-декабрга чейин күчүндө болот. Мындай тыюу жеке адамдар тарабынан банктардын жана төлөм уюмдарынын мобилдик тиркемелери, интернет-банкинг аркылуу жүргүзүлгөн которууларга тиешелүү. Ал эми төлөм терминалдары аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөргө тиешеси жок. Чет элдик валюта которууда да тыюу иштебейт: сомдон башка валюта менен... ... Азаттык үналгысы 33 min
“Апрелчилер” СД партиясынын камактагы мүчөлөрү боюнча президентке кайрылды Attribution+  — “Апрель элдик революциясынын уюмдарынын ассоциациясы” 21-ноябрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында президент Садыр Жапаровго кайрылуу кылып, Социал-демократтар партиясынын мүчөлөрү Темирлан Султанбековду, Ирина Карамушкинаны жана Роза Түрксеверди үй камагына чыгаруу сунушун беришти. Алар добуш сатып алууга байланыштуу коюлган айып негизсиз экенин айтышты. “Үч кишини үй камагына чыгарып деле тергөөнү улантса болот. Себеби, алар коррупционер, террорист эмес. Мамлекетке эч качан зыян... ... Азаттык үналгысы 33 min
Аба ырайы: Айрым аймактарда жаан, кар жаайт Attribution+  — 22-ноябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Айрым жерлерде туман түшөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 1…6 Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 1…6 Баткен, Ош,... ... Азаттык үналгысы 54 min
Он айда Кумтөрдөн 9 тонна 316 килограмм алтын казылды Attribution+  — “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун президенти Алмазбек Барыктабасов Кумтөр кенинен 2024-жылдын 10 айында (январь-октябрь) 9 тонна 316 килограмм алтын өндүрүлгөнүн, негизи 9 тонна 197 килограмм алтын алынат деп план коюлганын билдирди. Бул тууралуу ал 21-ноябрда “Биринчи радиодогу” маегинде айтты. “Жылдын аягына чейин 300 миллион доллардан ашык таза киреше алабыз деп турабыз. “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому республикалык бюджетке салык жана башка төлөмдөр менен... ... Азаттык үналгысы 1 hr
Аксыда жер көчтү Attribution+  — Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Жол-Сай айылынын Мазар тилкесинде жер көчтү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 21-ноябрда маалымдады. Маалыматка ылайык, жер көчкүнүн көлөмү болжол менен 600 метр куб. Автоунаа жолуна чейин жетип, турак жайларга, адамдарга, мал-мүлккө зыяны тийген эмес. "Тийиштүү тактоо иштерин жүргүзүү үчүн министрликтин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын Аксы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ, өзгөчө кырдаалдарга мониторинг... ... Азаттык үналгысы 1 hr
Сот троллейбус зымдарын бузууну токтотууну чечим кылды Attribution+  — Бишкектин Административдик соту борбор калаадагы троллейбус зымдарын бузууну токтотуу чечимин кабыл алды. 21-ноябрда аталган сот экологиялык активисттердин Бишкек шаардык кеңешинин 29-августтагы токтомун жокко чыгаруу өтүнүчүн карап, аны канааттандырды. Активисттер мэрия шаар кеңешинин чечими менен эле шаардын басымдуу жолдорунда троллейбус зымдары алынып, аларды электр кубаты менен камсыздаган подстанциялар да бузулуп калганын белгилешүүдө. Бишкек шаардык мэриясы сот чечими боюнча... ... Азаттык үналгысы 1 hr
ЖК оң рулдуу машинени такси катары айдоого тыюу салуу долбоорун 1-окууда колдоду Attribution+  — Кыргызстанда такси кызматын көрсөтүү үчүн милдеттүү түрдө лицензия алуу жана оң рулдуу машинени такси катары айдоого тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 21-ноябрдагы жыйынында биринчи окууда кабыл алды. Документти Министрлер кабинети сунуштаган. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына караганда, 1998-жылы кабыл алынган “Транспорт жөнүндө” мыйзамда жүргүнчү ташып такси кызматын көрсөткөндөр лицензия алышы керек деп көрсөтүлгөн. Бирок бул талап 2009-жылы алынып... ... Азаттык үналгысы 3 hr
Ноокат: Милиция бөлүмүнүн башчысына байланыштуу видео териштирилип жатат Attribution+  — Ош облусундагы Ноокат районунун Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы Тимур Абдисатар уулунун иш бөлмөсүндө тартылган делген видео боюнча ички иликтөө башталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук  милициясынын басма сөз катчысы Таалай Байтиков билдирди. 20-ноябрда социалдык тармактарда жарандык кийимчен Тимур Абдисатар уулуна окшош адамга милициянын формасын кийген адамдар акча  берип  жатканы тартылган видеолор жарыяланган. Бул тасма боюнча Тимур Абдисатар уулу түшүндүрмө бере... ... Азаттык үналгысы 4 hr
Мүлкү жоктор “Топтомо ипотеканы” кантип алат? Attribution+  — Президент Садыр Жапаров ипотекалык насыялоо боюнча “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасынын шарттарын өзгөрткөнүн жарыялады. ... Азаттык үналгысы 4 hr
Таңкы Азаттык (3-чыгарылыш) Attribution+  — "Азаттык үналгысынын" бул берүүсү Бишкек убакыты боюнча саат 09:30дан 10:30га чейин обого чыгарылат. ... Азаттык үналгысы 4 hr
Абактагы Ташовдун кыйноого кабылганы тууралуу арызын УКМК да иликтеп жатат Attribution+  — Башкы прокуратура №31 тергөө абагында жаткан ишкер Имамидин Ташовдун кыйноого кабылганы тууралуу арызы Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, бул фактыга байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) коопсуздук кызматы да кызматтык иликтөө жүргүзүүдө. KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун апасы... ... Азаттык үналгысы 4 hr
ЖКда мугалимдерге каршы укук бузууларга айыпты көтөрүү сунушталды Attribution+  — Жогорку Кеңештин айрым депутаттары парламенттин 21-ноябрдагы жыйынында мугалимдерге каршы укук бузууларга айып пулдун көлөмүн көбөйтүү демилгесин көтөрдү. Депутат Мирлан Самыйкожо Укук бузуулар жөнүндө кодекс боюнча мугалимдин кадыр-баркына шек келтиргендерге 1000 сом айып пул салынарын айтып, анын суммасын көтөрүү керек экенин билдирди. “Эртең дагы бири келип мугалимдин чачын жулуп кетет. Бул токтобойт. Окуучулар шылдың кылат. Ошондуктан өкмөт мыйзам долбоорун алып келсинчи”, - деди... ... Азаттык үналгысы 4 hr
Камчыбек Ташиев төрт жылда мамлекетке 125 млрд сом өндүрүлгөнүн айтты Attribution+  — Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 2020-2024-жылдар аралыгында уюшкан кылмыштуу топтордон, таза эмес олигархтардан мамлекетке акчалай жана мүлк түрүндө 120-125 млрд сом өндүрүлгөнүн билдирди. Атайын кызматтын төрагасы бул тууралуу 20-ноябрда журналисттерге айтып, башта 120-125 млрд доллар алынганын кабарлаган. УКМКнын басма сөз кызматы кийин сом менен өндүрүлгөнүн тактады. Камчыбек Ташиев ушул жылдын декабрь айында бюджетке кайтарылган... ... Азаттык үналгысы 5 hr
Таңкы Азаттык (2-чыгарылыш) Attribution+  — Бул таңкы берүү Бишкек убакыты боюнча саат 08:00ден 09:00га чейин обого чыгарылат. ... Азаттык үналгысы 6 hr
Таңкы Азаттык Attribution+  — "Азаттык үналгысынын" бул берүүсү Бишкек убакыты боюнча саат 07:00ден 08:00ге чейин обого чыгарылат. ... Азаттык үналгысы 7 hr
20-ноябрь: УКМК Жамгырчиевди суракка чакырды, Газада кеминде 15 кишинин өмүрү кыйылды Attribution+  — 20-ноябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт. ... Азаттык үналгысы 16 hr
Жергиликтүү шайлоо: Шаардык кеңештерге кимдер келди? Attribution+  — 17-ноябрда Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүп, анын жыйынтыгы менен “Жаңы Кыргызстан”, “Ынтымак”, “Жаңы күч”, “Адилет” жана “Эмгек” сыяктуу партиялары жеңишке жетти. Жергиликтүү кеңештин деңгээлиндеги саясий сахнага буга чейин активдүү болбогон айрым партиялар келишти. ... Азаттык үналгысы 17 hr
Украина ATACMS менен атты, Путин ядролук ракета менен жооп береби? Attribution+  — Орусия шейшембиге караган түнү украин куралдуу күчтөрү Брянск облусуна алты ATACMS ракетасы менен сокку урганын билдирди. Украин армиясы Карачев шаарынын четиндеги курал-жарак кампасын бутага алганын маалымдап, бирок кандай курал колдонулганын атаган эмес.  ... Азаттык үналгысы 18 hr
Камчыбек Ташиевди коркуткан ким? Attribution+  — Жогорку Кеңеш бир катар айылдардын тарыхый аттарын кайтаруу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Путин ядролук жаңы доктринага кол койду. Өткөн түнү Украина Орусияны ATACMS менен атканы кабарланган. Темирлан Султанбеков Дайырбек Орунбековдун сөздөрүнө жооп берди. ... Азаттык үналгысы 19 hr
Путин ядролук куралы менен кайрадан коркутту Attribution+  — Орусия шейшембиге караган түнү украин армиясы Брянск облусуна Атакамс ракетасы менен алты сокку урганын билдирди. Украин армиясы Карачев шаарынын четиндеги курал-жарак кампасын бутага алганын маалымдап, бирок кандай курал колдонулганын атаган эмес. Путин ядролук жаңы доктринага кол койду. ... Азаттык үналгысы 19 hr
HRW: Иран азчылык өкүлдөрүн кысымга алуу үчүн өлүм жазасын колдонууда Attribution+  — Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Иран өлүм жазасын айрыкча азчылыкты түзгөн улут өкүлдөрүнө, диссидент жарандарына жана чет өлкөлүктөргө каршы колдонулуучу "коркутуу каражаты" катары пайдаланып жатканын 20-ноябрда билдирди. Соңку кезде ошондой адамдарды өлүм жазасына тарткан окуялар көбөйгөнүнө көңүл бурган уюм өкүмдөр мыйзамды одоно бузуу менен кабыл алынып жатканын белгиледи. Iran Human Rights Group тобунун маалыматына караганда, быйыл жыл башынан берки он айда эле... ... Азаттык үналгысы 20 hr
Камчыбек Ташиев "пара алган элчи" камаларын айтты Attribution+  — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев анын атына жамынып "пара алган элчи" камакка алынарын билдирди.  Бул тууралуу Ташиев айрым медиа каражаттарынын журналисттери үчүн уюштурган маалымат жыйында айтты. "Бир чоң саясатчы, кечээ эле бир чоң мамлекетте элчи болгон адам менин атымды сатып, 250 миң доллар пара алып койгон экен. Мен бүгүн эртең менен аны камоого тапшырма бердим. Анын үстүнөн арыз, акчаны кантип алганын көрсөткөн материалдар, сүрөттөр келип түштү. Андыктан аны камакка алабыз. Ал бир... ... Азаттык үналгысы 20 hr
Камчыбек Ташиев өзүн жана үй-бүлөсүн коркуткан кат алганын билдирди Attribution+  — Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 20-ноябрда чукул маалымат жыйынын уюштуруп, өзүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугуна "коркунуч келтирерин билдирген" кат алганын маалымдады. Ал журналисттерди кагаз конвертти көрсөтүп, анын ичинде кат жазылган флешка болгонун айтты. Катта белгисиз бирөө анын өзүн жана үй-бүлөсүн өлтүрүү үчүн атайын жалданган баш кесер экенин, ал олигархтардан жана кримтөбөлдөрдөн бул тапшырманы аткаруу үчүн өтө көп каражат... ... Азаттык үналгысы 20 hr
Өзбек өкмөтү отставкага кетти Attribution+  — Өзбекстандын Министрлер кабинети парламенттин жаңы шайланган курамынын алдындагы ыйгарым укуктарын токтотконун, ошондуктан кызматын тапшырып жатканан жарыялады. Бул тууралуу токтомго 19-ноябрда премьер-министр Абдулла Арипов кол койду. Президенттин жарлыгына ылайык, өкмөттүн ишинин ырааттуулугун камсыздоо, үзгүлтүккө учуратпоо максатында Министрлер кабинетинин жаңы курамы бекигенче азыркы өкмөт иштеп турарын премьер-министрдин басма сөз катчысы Бекзод Хидоятов билдирди. Өзбек... ... Азаттык үналгысы 20 hr
Кечки Азаттык (1-чыгарылыш) Attribution+  — Бул үналгы берүү ар күнү Бишкек убакыты боюнча саат 18:00ден 18:30га чейин обого түз чыгат. ... Азаттык үналгысы 20 hr
Пакистанда 11 күч кызматкери кол салуудан мерт болду Attribution+  — Пакистанда күч кызматкерлерине каршы жасалган чабуулдан кеминде 11 кишинин өмүрү кыйылды, дагы он киши жараат алды. Бул тууралуу "Машаал" радиосу 20-ноябрда кабарлады. Кол салуу 19-ноябрдын кечинде өлкөнүн эң кооптуу жана тынчсыз аймагы болуп эсептелген Хайбер-Пахтунхва провинциясынын түндүк-батышындагы Банну шаарында болгону, коопсуздук кызматкерлери бараткан автомашина бутага алынганы, жарылуу жана атышуу болгону кабарланды. Жергиликтүү тургундар "Машаал" радиосунун кабарчыларына... ... Азаттык үналгысы 21 hr
"Бишкектин төрт району качан өзгөрөт?". Жер-суу аталыштарын кыргызчалоо демилгеси колдоо тапты Attribution+  — Өлкөдөгү бир катар айылдардын тарыхый аталыштарын кайтаруу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда колдоо тапты. Талкуу учурунда айрым депутаттар Бишкектеги төрт райондун аталышын алмаштыруу демилгесин кайрадан көтөрүштү. ... Азаттык үналгысы 21 hr
Газада дагы кеминде 15 кишинин өмүрү кыйылды Attribution+  — Газа секторунда бүгүн 20-ноябрда Израилдин соккусунан дагы кеминде 15 палестин каза болгонун ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) тобу көзөмөлдөгөн бул анклавдын саламаттык сактоо мекемесине таянып Reuters билдирди. Каза тапкандардын арасында куткаруучулар да бар экени, израилдик аскерлер танк менен кирип барып, үйлөрдү аткылаганы маалымдалды. Израил бул жолу Жабалия районун, Газа шаарынын Сабра жана Тал ал-Хава райондорун бутага алганы, уранды астында... ... Азаттык үналгысы 21 hr
Бишкекте жеке мектептин имараты мамлекетке кайтарылды Attribution+  — Бишкекте жеке мектеп-комплексинин 1,6 млрд сомдук имараты мамлекетке кайтарылды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик мүлк объекттерин кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында имараттын аянты 2,8 метр чарчы, жанаша жайгашкан 1,29 га аянты менен кошо мектеп-комплекстин имараты мамлекеттин балансына кайтарылганын билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, бул социалдык объект 1992-жылга чейин мамлекеттик... ... Азаттык үналгысы 22 hr
Төө-Ашууда оор жүк ташуучу автоунааларга убактылуу чектөө киргизилди Attribution+  — Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап жаткандыгына байланыштуу оор жүк ташуучу автоунаалардын жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. Транспорт жана байланыш министрлигинин маалыматында, 20-ноябрь, саат 15:30дан тартып, жүк ташуучу автоунаалардын Сосновка постунан ары өтүүсүнө уруксат берилбейт. Мекеме чектөө канча убакытка чейин күчүндө болорун маалымдаган жок. Мурдараак Төө-Ашуунун түштүк тарабындагы Арал постунда 20-ноябрга караган түнү саат 3:30дан тарта оор жүк... ... Азаттык үналгысы 22 hr
Украина жана Орусия ондогон дрон чабуулуна кабылганын билдиришти Attribution+  — Украина менен Орусия 20-ноябрга караган түнү жана эртең менен бири-биринин аймагына дрон чабуулу жасалганын билдиришти. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн маалыматына караганда, Орусия 122 согуштук дрон жана С-300, Х-59/69 ракеталары менен сокку урду. Дрондордун 56сын атып түшүрүүгө үлгүрүштү. Бутага Киев, Черкасск, Чернигов, Полтава, Кировоград, Житомир, Хмельницкий, Сумы, Николаев, Херсон, Запорожье, Днепропетров, Донецк жана Харьков облустары алынды. Киев облусунда, аскердик... ... Азаттык үналгысы 22 hr
УКМК экс-депутат Эмил Жамгырчиевди суракка чакырды Attribution+  — Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эмил Жамгырчиев АКШда жашаган активист Тилекмат Кудайбергенов (Куренов) менен Бириккен Араб Эмираттарындагы жолугушуусу боюнча УКМКга суракка чакырылганын билдирди. Атайын кызмат жолугушуунун себеби такталып жатканын кошумчалады. Кыргызстандан мажбурланып чыгарылган журналист Болот Темиров 19-ноябрда Фейсбуктагы баракчасына Дубайда Эмил Жамгырчиев менен Тилекмат Кудайбергенов жолугушканын, Эмил Жамгырчиев... ... Азаттык үналгысы 22 hr
Бишкекте 10 айда мопед, скутер аралашкан жол кырсыгынан 10 адам каза болду Attribution+  — Бишкек шаарында соңку 10 ай ичинде эки дөңгөлөктүү автоунаа каражаты аралашкан 503 жол кырсыгы катталып, 10 адам каза болуп, 550 адам түрдүү жараат алган. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Исаев билдирди. Маалыматка караганда, шаардын жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы Glovo компаниясынын жетекчилери жана айдоочулары менен жолуккан. Анда айдоочуларды жол эрежелерин сактоого чакырып, эки дөңгөлөктүү транспорт... ... Азаттык үналгысы 23 hr
HRW Германия депортация кылган тажик активисти мекенинде камакка алынганын билдирди Attribution+  — Тажикстандык оппозиционер активист, мекенинде кыйноого кабылышы ыктымал деген кооптонууга карабастан жакында Германиядан депортация кылынган Дилмурод Эргашев эки айга камакка алынганын 20-ноябрда Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму билдирди жана Берлинди аны камактан чыгарууга көмөктөшүүгө чакырды. Уюмдун билдирүүсүндө Германия Тажикстандын бийлигине аны камактан тез арада чыгаруусуна же кармоого негиз болгон мыйзамдуу далилдерин келтирүүсүнө, Эргашевдин укуктарынын... ... Азаттык үналгысы 23 hr
Бишкекте Трансплантация жана гемодиализ борборунун курулушу башталды Attribution+  — Саламаттык сактоо министрлиги 20-ноябрда Бишкекте Трансплантация жана гемодиализ борборунун курулушу башталганын кабарлады. Маалыматка ылайык, наркы 446,6 миллион сомду түзгөн борбор толугу менен республикалык бюджеттен каржыланат. Ал акыркы үлгүдөгү жабдуулар менен жабдылып, гемодиализ, органдарды трансплантациялоону талап кылган бөйрөк жана боор оорулары менен ооруган бейтаптарга кызмат көрсөтөт. Мекеменин түзүмүндө нефрология, гемодиализ, гепатология, трансплантология бөлүмдөрү,... ... Азаттык үналгысы 1 d
Батыш автобекети жери, мүлкү менен кошо мэрияга берилди Attribution+  — Министрлер кабинетинин токтому менен Бишкектеги Батыш автобекети жалпы мүлкү, тийиштүү жер тилкелери менен чогуу акысыз пайдалануу үчүн мэрияга берилди. Документте жазылгандай, мэрия Батыш автобекетин Бишкек шаардык кеңеши (жаңы чакырылыштагы) караганга чейин пайдаланат. Ошондой эле өкмөттүн токтому менен Бишкек мэриясына жаңы автобекет иштеп баштаганча, убактылуу автобекеттердин ишин уюштуруу милдети жүктөлгөн. Ага ылайык, бул убактылуу автобекеттерде шаар четиндеги, шаар аралык,... ... Азаттык үналгысы 1 d
Беларуста шайлоо учурунда нааразылык чыгышына жол бербөө аракети көрүлүүдө Attribution+  — Беларуста бийлик оппозицияны коркутуу, элдин нааразылыкка чыгышына жол бербөө максатында күч кызматкерлеринин атайын машыгуусун уюштуруп жатканын бозгундагы оппозиция лидери Светлана Тихановская билдирди. 19-ноябрда Таллинде санаалаш өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен жолугушууда ал беларус бийлигинин мындай аракетин айыптап, 26-январга пландалып жаткан президенттик шайлоодо авторитардык башкаруучу Александр Лукашенко кайрадан, жетинчи жолу жеңүүчү деп жарыяланарына тынчсыздануусун... ... Азаттык үналгысы 1 d
Жетим-Тоо менен Кызыл-Омполду ким иштетет? Attribution+  — Кыргыз өкмөтү Жетим-Тоо, Кызыл-Омпол баштаган ири кендер иштетилерин жана каржы булактары аныкталганын жарыялады. Ал кендер качан жана кандай тартипте иштетилет? ... Азаттык үналгысы 1 d
Грузия оппозициясы акцияларын токтото турууну чечти Attribution+  — Грузияда оппозиция нааразылык акцияларын жаңы планын иштеп чыкканча бүгүнчө токтото турууну чечти. Бул тууралуу 20-ноябрда "Эхо Кавказа" сайты "Өзгөрүүлөр үчүн коалиция" кыймылынын лидерлеринин бири Зураб Жапаридзенин айткандарына таянып билдирди. Мындан аркы аракеттер кандай болушу керектигин тактап алганча акциянын катышуучуларын тарката туруу керек болуп жатканын айткан Жапаридзе бийлик өз стратегиясын өзгөртүп, митингчилерге тоскоолдук жаратуу амалдарын күчөткөнүн белгиледи. Жаңы... ... Азаттык үналгысы 1 d
Президент Жапаров мектепте окуучунун апасы мугалимди тилдеген окуяны сындады Attribution+  — Президент Садыр Жапаров Бишкектеги №57 мектепте окуучунун апасы мугалимди урушкан окуя тууралуу комментарий берип, сабак өтүп жатканда аны эч ким үзгүлттүккө учуратпашы керек экенине токтолду. Бул тууралуу мамлекет башчы 20-ноябрда педагогикалык кызматкерлерге “Жылдын мыкты мугалими“, жана “Мыкты тарбиячысы” сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу иш-чарасында айтты. “Мындай түркөйлүккө мектепте да, бала-бакчада да, керек болсо коомчулуктун кайсыл жеринде болбосун жол бербешибиз керек.... ... Азаттык үналгысы 1 d
Жолго төлөнүүчү акча күйүүчү май аркылуу алынат Attribution+  — Кыргызстандын Транспорт жана байланыш министрлигинин алдындагы Жол фонду унаалардан жолдо жүргөнү үчүн акча - 1 сомду күйүүчү майдын баасына кошуп алат. Бул жобо "Салыктык эмес кирешелер тууралуу кодекске жана Жол фонду тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү" тууралуу мыйзам долбооруна киргизилген. Аталган мыйзам долбоору 20-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы отурумунда шыр эле үч окуудан кабыл алды. Транспорт жана байланыш министринин орун басары Бекназар Базаралиевдин депутаттарга берген... ... Азаттык үналгысы 1 d
АКШнын Украинадагы элчилиги коопсуздук маселесинен улам бүгүн жабык болот Attribution+  — АКШнын Украинадагы элчилиги авиа соккуга кабылышы ыктымалдыгы тууралуу "конкреттүү маалымат" алгандыгына байланыштуу 20-ноябрь күнү убактылуу жабык болот. Элчилик Киевдеги кызматкерлерине жана бул шаардагы жалпы америкалык жарандарга кайрылып, эгер абадан коркунуч жаралганы тууралуу эскертүү берилсе дароо коопсуз жерге баруу керектигин эскертти. Билдирүүдө "Коопсуздук маселесинен улам элчилик жабык болот, элчиликтин кызматкерлерине каерде болсо, ошол жерде болуу тапшырмасы берилет", —... ... Азаттык үналгысы 1 d
Ооган жана тажик активисттери эл аралык укук сыйлыктарына татыды Attribution+  — Кыз-келиндердин укугу үчүн күрөшкөн ооганстандык активисттер жана тажикстандык адвокат эл аралык сыйлыктарга татыды. Бул тууралуу 19-ноябрда жарыяланды. Ооганстандык активист аял Жоля Парси жана азыркы тапта абакта отурган тажикстандык адвокат, активист Манучехр Холикназаров эл аралык Мартин Энналс сыйлыгынын лауреаты аталышты. Бул сыйлыкты адам укуктары боюнча Нобель премиясы деп да атап коюшат. Сыйлыктарды тапшыруу салтанаты 21-ноябрда Женевада өтөт. Калыстар тобуна Amnesty... ... Азаттык үналгысы 1 d
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жер титиреди Attribution+  — Күчү очогунда 3,5 баллдык силкинүү 20-ноябрда саат 10:10до кыргыз-тажик чек арасында катталганын Сейсмология институту маалымдады. Жер титирөөнүн очогу Баткен шаарынан түштүктү көздөй 70 чакырым, ал эми Коргон айылынан түштүк-батышты көздөй 28 чакырым аралыкта катталды. Коргон айылында жер титирөөнүн күчү 2,5 баллды түздү. Октябрь айында Кыргызстандын ар кайсы аймактарында жер бир нече ирет силкинди. Анын ичинде 21-октябрга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында күчү 4,5... ... Азаттык үналгысы 1 d
Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт Attribution+  — 21-ноябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, жаан жаайт, тоолуу райондорунда карга айланат. Күндүз Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондорунда карга айланат. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл... ... Азаттык үналгысы 1 d
Ташкент Өзбекстанга тил тийгизгендерди өлкөгө киргизбейт Attribution+  — Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев чет элдиктер жана жарандыгы жоктордун айрымдарына "жагымсыз" деген аныктама берүүчү мыйзамга кол койду. Эми Өзбекстандын жана анын элинин ар-намысына, кадыр-баркына же тарыхына шек келтирип сүйлөгөн чет элдик жаранга өлкөнүн аймагына кирүүгө тыюу салынат. ... Азаттык үналгысы 1 d
Нааразылыгын ич кийимчен билдирип чыккан ирандык кыз боюнча маалымат берилди Attribution+  — Иран бийлиги нааразылыгын көчөгө ич кийимчен чыгып билдирген студент кызга эч кандай айып тагылбаганын, ал ооруканадан чыкканын билдирди. Сот мекемесинин өкүлү Асгар Жахангир 19-ноябрдагы пресс-конференцияда маалымдагандай, ага каршы кылмыш иши козголгон жок: "Аны ооруканага жеткирип, илдети бар экенин аныкташкандан кийин үй-бүлөсүнө өткөрүп беришти. Ага кам көрүлүүдө". Окуяга байланыштуу териштирүү таптакыр токтотулдубу же убактылуубу, сот өкүлү тактап айткан жок. 3-ноябрда... ... Азаттык үналгысы 1 d
УКМК Ташиевге кол салууну пландаган адам кармалганын билдирди Attribution+  — Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевге кол салууну уюштуруу планын иштеп чыккан шектүү кармалганын билдирди. Атайын кызмат ал “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) кылмыштуу тобунун мүчөсү Руслан Дүйшеев экенин, шектүү 16-ноябрда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун аймагынан кармалганын кабарлады. “Руслан Дүйшеев Камчыбек Асанбектин жакын адамдарынын бири болуп, Ысык-Көл... ... Азаттык үналгысы 1 d
Кадырбек Досоновдун соту: Шектүүлөр акыркы сөзүн сүйлөп башташты Attribution+  — “Женго” каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Кадырбек Досонов жана аны менен кошо айып тагылгандардын сотунда шектүүлөр акыркы сөзүн сүйлөп башташты. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди. Кийинки соттук отурум 29-ноябрда уланат. 2023-жылы 13-январда Ош шаарында топ адам бир кишини арматура менен койгулап жатканы тартылган видео коомчулукта талкуу жараткан. Үрөй учурган бул окуяда бир киши өлүп, дагы бири катуу жабыркаганы... ... Азаттык үналгысы 1 d